UFC: Хабиб Нурмагомедов жакын досу Ислам Махачевдин 2021-жылдагы беттештерин баалады

UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов жакын досу, дагы бир UFC мушкери Ислам Махачевдин 2021-жылдагы беттештерине баа берди.

"2021-жыл Исламдын карьерасындагы эң мыкты жыл болду. Менимче, ал быйыл UFC уюмунун мыкты мушкерлеринин үчилтигине кирет. 2022-жылы биз дагы да ишенимдүү болобуз”, - деп жазды Хабиб Нурмагомедов социалдык тармактагы баракчасына.

Ислам Махачев кийинки беттешин америкалык мушкер Бенеил Дариуска каршы өткөрөт. Беттеш 2022-жылдын 26-февралынан 27-февралына караган түнү UFC Fight Night турниринин алкагында өтөт.

2021-жылы Ислам Махачев жалпы үч беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан