Бүгүн, 19-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азербайжан менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет.
Эске салсак, оюндар Кыргызстан курама командасынын 2014-жылкы АФКнын Чакырык кубогуна даярдыгынын алкагындагы жана жыл ичиндеги акыркы беттеши.
Оюн 15:00дө старт алат. Кирүү акысыз.