Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган "EFC'нин" жеңил салмактагы чемпиону, кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык журналист Игорь Лазоринге интервью берди.
Анда мушкер казакстандык Жасулан Акимжанга каршы чемпиондук наамын коргоого даярдыгы жана UFC уюмуна чыгуу дымагы тууралуу айткан.
"Алдыдагы беттеш, балким,чет өлкөлүк лигага же UFC'ге өтүү алдындагы акыркы кадам экенин түшүнөсүзбү?" деген суроо берилген кыргыз мушкерине.
"Ооба, биздин башкы максатыбыз албетте UFC уюмуна кирип, ал жактан өзүбүздү көрсөтүү, Кыргыз өлкөсүнүн желегин океандын ары жагында желбиретүү. Менимче, бир-эки жолу чемпиондук наамды коргосок биз ал жакка дагы жетебиз".
Мындан тышкары, ал казак мушкери Жасулан Акимжанга каршы чемпиондук наамын коргоого мыкты деңгээлде даярданып жатканын, бул беттеш кайсы жерде өтпөсүн күйөрмандар көп болорун айткан.
14-декабрда Хабиб Нурмагомедов Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук наамын Жасулан Акимжанга каршы коргой тургандыгын айткан.