Теннисчи Данияр Дулдаев Индиядагы Эл аралык мелдеште биринчи беттешин жеңип алды

Кечээ, 18-ноябрда кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Индияда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдеште жекеликте биринчи беттешин жеңип алды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.

 

Маалыматка ылайык, Данияр Дулдаев өзбекстандык теннисчи Шонигматжон Шофайзиевди утуп (6:4, 3:6, 6:1), мелдештин кийинки айлампасына чыкты.

 

Кошумчалай кетсек, кыргызстандык теннисчи индиялык Карунудай Сингх менен жуптукта бүгүн 19-ноябрда беттеш өткөрөт. Алардын атаандашы швейцариялык жуптуктар Яннис Линигер жана Лука Маргароли болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан