Beeline компаниясы уюштурган утушта Toyota Camry 75 унаасынын жеңүүчүсү аныкталды

Бишкек шаарында Beeline компаниясы тарабынан уюштурулган викторина утушунда Toyota Camry 75 унаасынын жеңүүчүсун сыйлоо аземи өттү.

Иш-чарага келген коноктордун маанайын көтөрүү максатында ырчы, бийчилер келип чакан концерттик программа тартуулашты. Ошону менен катар эле кызыктуу оюндар ойнотулуп, коноктор ага активдүү катышып жатышты. Аларга Beeline компаниясынан өзгөчө белектер тапшырылды.

Beeline компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов сахнага чыгып, утуштун женүүчүсү, Toyota Camry 75 унаасынын ээси Болот Касымалиевди коноктордун алдына чакырып куттуктады.

Жеңүүчү Болот Касымалиев биринчи билдирүү түшкөндө кубанганын айтты. “Жеңүүчү болорумду билгем. Ошого аракет кылып, иштеп, жыйынтыкка жеттим. Үйдөн тамак жеп жатып, балдарымды бала бакчага алып баратып жеңүүчү болоюн деп ойноп жаттым. Бул мен үчүн баалуу байге болду”, - деп Касымалиев кубанычы менен тең бөлүштү.

Ал эми Beeline компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов кийинки жылы дагы мындай утуштарды уюштуруу улана турганын билдирди.

“Бизге автоунааны белекке берүү абдан жакты. Бул башкача эмоция экен. Утуштар уюштурулганда дайыма өтө көп катышуучулар болот. Ошондуктан бардыгы эреже менен өтүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Мына бүгүн жеңүүчү аныкталды. Биз буга абдан кубанычтабыз. Кийинки жылы дагы ушундай утуштар уланат. Кандай байгелер болорун азырынча айта албайм. Бирок жакшы байгелер болот. Биз кардарларыбыз, абоненттерибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү уланта беребиз”, - деп Атаманов сөзүн жыйынтыктап жатып, бардыгын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Маалымдама: Beeline өзүнүн абоненттери үчүн маалыматтык викторина уюштурган. Акцияга "Скай Мобайл" ЖЧКнын абоненттери болгон 18 жаштан жогорку курактагы Кыргыз Руспубликасынын жарандары гана катыша алышты. Викторинада катышуучулар *2323# кыска номерин терип же "Мой Beeline" тиркемесинин жардамы менен көңүл ачуучу кызматтар бөлүмүнө кошулуп, ошол замат оюнга киришкен. Андан ары адаттагыдай эле баланс толтуруу болду. Анда катышуучулар өздөрүнүн ар түрдүү тармактагы билимин текшерип, кымбат баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү да түзүлдү. Алардын ичинде ондогон жапжаңы Xiaomi Redmi Note 10 үлгүсүндөгү смартфондор жана баш байгеге Toyota Camry 75 үлгүсүндөгү 3 автоунаа коюлган. Викторина 2021-жылдын 3-августунда башталып 30-ноябрына чейин улантылган. Beeline компаниясы утуштун салыгын жана автоунааны каттоо чыгымдарынын баарын өзүнө алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан