Кызын катуу тартипте кармагандардын катарындагы энемин деген куудул, тамада, актриса Гүлжайна Атаканова SUPER.КG порталынын маек төрүндө болду. Ал кызы Элеанораны тарбиялоосу, балалыгы кандай өткөнү тууралуу баяндады.
"Сиңдилүү болгонумда 10-15 мүнөткө чейин эмне кыларымды билбей турдум. Анан ыйлап, апама чалып "кыялымды орундатканыңызга рахмат" деп айткам. Төрөтканага барып келе жатканда унаадан чын эле бир туугандуу болдум деп ыйлагам", - дейт Элеанора.
Куудулдун кызы учурда 16 жашта. Кызы менен сыймыктанарын айткан Гүлжайна айым буларга токтолду.
"Кудайга шүгүр, кызым менен сыймыктанам. Экинчи кызым деле Элеаноранын жолун жолдосо экен дейм. Кээ бир кыздарды көргөндө ата-энесин аяйм. Курсагын көрсөтүп, кыска кийинип, жумуртка кууруй албайм дешет. Мен кызымды туура тарбиялап жатам деп айта алам. Эртең башка үйгө бүлө болуп барганда тамак жасай албай, үйдү таза кармай албаса "апасы артист да, апасы гастролдоп жүрсө кызы ушу да" деген сөздөн корком. Кызымдын эртеңки келечеги үчүн азыртадан кам көрөм. Кызымды түйшүкчүл кылып салдым дебейм. Келечекте жүзү жарык болуш үчүн, мага сөз тийбеш үчүн жасап жатам.
Кызым көңүл ачуучу жайларга барбайт. Сабактан дагы убакыт, сааты менен келет. Окуу ийримдерине катышам десе тыйбайм.
9-классында бир бала менен жазышып жатканын окуп калып, чаап туруп, эшикке түртүп чыгардым. "Эмитен балдар менен ушинтип жазышсаң жогол" дедим. Ошондо буту чоюлуп калыптыр. Иним менен ооруканага алып барып, көрсөтүп жүрүп "катуураак айтсам эле болмок экен, түртүп ийбей" деп өкүнүп калгам. Кызыма балалык доорду татыктуу сүр деп айтам. Балдар менен сүйлөшкөнүнө мектепти аяктаганча караманча каршымын. Ошол үчүн телефонун тез-тез текшерип турам. Мен Элеаноранын бир эле адам менен сүйлөшүп, мамиле куруп, турмушка чыгуусун каалайм", - дейт ал.