Баткен облусунда мектеп директору бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бычакталып каза болгон жаран Баткен районунун Бөжөй айылындагы мектептин директору болгон. Ал алган жаракатынан улам Айдаркен аймактык ооруканасынан каза болгон.
Бул кылмышка шектелип ушул эле айылдын 24 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну кармалган. Учурда шектүү камакка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.