Кыргызстандык бильярдчылар “Кремль Кубогу-2013” мелдешине катышат

Кыргызстандык бильярдчылар Москвада өтүүчү “Кремль Кубогу-2013” мелдешине катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-ирет өтүп жаткан эл аралык мелдеш 26-30-ноябрь аралыгында Москва шаарында өтөт. Мелдеште уландар бильярддын “кураштырма пирамида” түрү боюнча ойносо, кыз-келиндер “эркин пирамида” түрүү боюнча оюн өткөрүшөт. Бул мелдешке Кыргызстандан Каныбек Сагынбаев, Дастан Лепшаков жана Ызатбек Раатбеков аттанат.

Эске салсак, “Кремль Кубогу” Эл аралык мелдеши бильярд боюнча дүйнөдөгү абройлуу мелдештердин катарына кирет. Бул мелдеште 2012-жылы кыргызстандык Каныбек Сагынбаев 2-орунду ээлеп калган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akro777
2013-11-19 11:23:47
ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан