"Ак шумкарлардын" дарбазачысы Руслан Амиров "Дордой" клубуна өттү

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын дарбазачысы Руслан Амиров бишкектик "Дордой" клубуна өттү. Бул тууралуу "Дордой" клубунун маалымат кызматынан кабарлашты.

"31 жаштагы дарбазачы келе жаткан сезондо бизде ойнойт. Руслан Амиров «Абдыш-Ата», «Алга», «Юнайтед Виктори» (Мальдивдер), «Туранспор» (Түркия), «Гефест» жана «Лашын» (Казакстан) командаларында ойноп кеткен. Жаңы оюнчубуз өзүнө 16-номерди тандады", - деп жазылат билдирүүдө.

Руслан Амиров сентябрь айында Бишкекте өткөн үч өлкөнүн катышуусундагы Улут Кубогуна "Ак шумкарлардын" катарына кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан