Таласта каза болгон келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Буга чейин Таласта 29 жаштагы келиндин жансыз денеси табылганы кабарланган. Облустук ички иштер башкармалыгы келиндин денесинде көк ала тактар бар экендигин маалымдашты.

Белгилүү болгондой, Талас ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында "Тез жардам" кызматынан билдирүү келип түшкөн.

"Анда Талас шаарынын тургуну, 1992-жылы туулган Э.Н. өз үйүндө каза болгондугу маалымдалган. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзүп, келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган.

Бул факты 130-берене менен каттоого алынып, кылмыш иши козголду. Шектүү катары тергөө бөлүмүндө маркумдун күйөөсү, 1988-жылы туулган Ж.А. кармалууда. Азыркы учурда окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тийиштүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешти басма сөз кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jibani
2021-12-29 20:05:50
Бир 27дейсинер Бир 24дейсинер
-1
Gulina00
2021-12-29 21:23:42
Аялга кол которгон алсыз эркек экен,Аллахым бейиштен жай берсин келинге.
+5
Jaysan030
2021-12-31 15:23:27
Байкушум десе((( жаркылдаган кыз элен класташым. Жаткан жерин жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан