Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыгып, 55 жаштагы киши каза болду

Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен 55 жаштагы киши каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 30-декабрда саат 08:30 чамасында Ысык-Көл районунун Корумду айылында турак үйдөн өрт чыкты. Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 10:05те толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен 55 жаштагы К.Т.К аттуу эркек киши каза болуп, турак жайдын 36 чарчы метр аянты күйдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан