Ысык-Көлдө эркек киши бир түндө уулунан жана агасынан айрылды

Ананьево айылында 8 жашар бала менен 52 жаштагы эркек киши иске ууланып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-январда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы үйлөрдүн биринен 2014-жылы туулган баланын жана 1970-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Дагы бир адам ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланууда.

Маалым болгондой, ал киши маркумдун атасы жана агасы. Алдын ала маалымат боюнча, үй-бүлө мүчөлөрү көмүр кычкыл газына ууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан