Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун атактуу чабуулчусу Лионель Месси "Интер Майами" клубуна өтүшү мүмкүн. Мындай маалыматты чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу Дэвид Бекхэмге таандык клуб менен 2023-жылы келишим түзүшү мүмкүн. Буга чейин Месси Майамиде кыймылсыз мүлккө ээ болгону кабарланган.
Эске салсак, Месси "ПСЖ" клубуна 2021-жылы жайында өткөн. Француз клубунун курамында Лионель Месси Франция чемпиондугунда жалпы 11 оюн өткөрүп, анда ал бир гол киргизип, төрт жолу голдук пас чыгарып берген. Ал ошондой эле Чемпиондор Лигасында 5 оюнга катышып, 5 жолу гол киргизген.