Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда оор атлетика боюнча Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган Эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, оор атлетика боюнча жыйырма алтынчы Эл аралык мелдеш 22-ноябрга чейин созулат. Анда уландар 8 салмак категориясы боюнча (56, 62, 69, 77, 85, 94, 105, 105 кидлограммдан өйдө), ал эми кыз-келиндер 7 салмак категориясында (48, 53, 58, 63, 69, 75, 75 килограммдан жогорку салмакта) күч сынашышат.
Эске салсак, мелдеш оор атлетика боюнча 4 жолку Дүйнө чемпиону, 2 жолку Европа чемпиону жана 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдыгына арналып уюшулууда. Каныбек Осмоналиев бүгүн, 19-ноябрда 60 жашка толду.