"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Акжол Махмудов менен Олимпиаданын эки жолку чемпиону, орусиялык балбан Роман Власов жолугушту. Бул тууралуу балбандар Инстаграм баракчаларына жарыялашты.
Алардын айтымында, эки балбандын машыгуусу Москва шаарында болуп өттү.
"Өз элинин сыймыктуу уулу. Кымбаттуу досум, Орусияга кош келдиң", - деген Роман Власов.
Маалымат үчүн:
Орусиялык балбан Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен беттеш өткөрүү ниетин билдирип чакырык таштаган. Ал эми Акжол Махмудов чакырыкты кабыл алганын билдирген. Балбандар андан кийин 3 ирет видео байланыш аркылуу маек курушкан жана беттештин күнүн май айынын аягына белгилешкен.
Балбандардын беттешин уюштуруу ишин расмий түрдө эки өлкөнүн Күрөш федерациялары колго алганы кабарлашкан.