Кечээ, 19-ноябрь түнү Европада 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында 4 оюн өтүп, Греция, Хорватия, Португалия жана Франция курама командалары Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Эске салсак, бул Европадагы тандап алуу турунда өз тайпаларында 2-орунду ээлеп калган 8 команданын ортосундагы оюндардын жооптук оюндары болду. 2 оюндун жыйынтыгында аты аталган командалар Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты:
Румыния-Греция 1:1 (голдор: К.Митроглу – В.Торосидис (автогол))
Хорватия-Исландия 2:0 (голдор: М. Манжукич, Д. Срна)
Швеция-Португалия 2:3 (голдор: З.Ибрагимович 2 – К.Роналду 3)
Франция-Украина 3:0 (голдор: М.Сахо, К.Бензема, О.Гусев (автогол))
Алгачкы оюндар 15-ноябрда өткөн. Анда төмөнкүдөй эсеп катыштыктары катталган:
Португалия – Швеция 1:0, Украина – Франция 2:0, Греция - Румыния 3:1, Исландия – Хорватия 0:0.