Махмудов менен Власовдун Бишкектеги беттеши: Турнирде дагы бир атактуу балбан күрөшүшү мүмкүн. Ал ким?

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, украиналык балбан Жан Беленюк май айында Бишкекте өтө турган күрөш шоусунда килем үстүнө чыгууга макулдук берди. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, Жан Беленюк Бишкекте Акжол Махмудов менен Роман Власов үчүн уюштурулган беттеште беларусиялык дагы бир күчтүү делген Кирилл Маскевич менен беттешиши мүмкүн.

30 жаштагы Жан Беленюк "Рио 2016" Олимпиадасында 85 килограмм салмакта күмүш медаль алса, быйыл Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 87 килограмм салмакта алтын байге уткан. Мындан тышкары ал эки жолу Дүйнө чемпиону болгон ("Лас-Вегас-2015" жана "Нур-Султан-2019").

Ал эми 23 жаштагы Кирилл Маскевич быйыл Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда жана Варшава шаарында өткөн Европа чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон. Ошондой эле 2020-жылы Белградда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын байгеге ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан