Бүгүн, 20-ноябрда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн Мексика-Жаңы Зеландия, Уругвай-Иордания командалары беттешет

Бүгүн, 20-ноябрда Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Мексика (Түндүк Америкада 4-орундун ээси) Океаниянын чемпиону Жаңы Зеландия менен жооптук беттеш өткөрөт. Ал эми Түштүк Америкада тандап алуу оюндарында 5-орунду ээлеген Уругвай курама командасы жооптук оюнда өз үйүндө Иорданияны (Азияда 5-орундун ээси) кабыл алат.

Эске салсак, бул континенттер аралык беттештерде 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугуна барчу жолдомонун  ээси аныкталат. Алгачкы оюнда Уругвай конокто Иорданияны 0:5 эсебинде утса, Мексика атаандашын өз үйүндө 5:1 эсебинде уткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан