Кечээ, 19-ноябрда кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Индияда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин жуптугунда чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык теннисчи индиялык Карунудай Сингх менен жуптукта швейцариялык жуптук Яннис Линигер жана Лука Маргаролини утуп алышты (6:4, 6:4).
Кошумчалай кетсек, кыргызстандык теннисчи мелдештин жекелигинде бүгүн, 20-ноябрда голландиялык Дэвид Пел менен беттешет.
Эске салсак, Индияда өтүп жаткан Эл аралык мелдештин байге фонду 15 000 долларды түзөт.