Бишкекте шаар тургунун алдап 100 миң сом зыян келтиргенге шектүү кармалды. Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан белгилешкендей, окуя былтыр август айында болгон.
"Шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда чала таанышы мал сатып аларын айтып, 100 миң сом өлчөмүндө акчасын алгандан кийин качып жүргөнүн билдирген.
Бул факты "алдамчылык" беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында шектүү катары 1987-жылы туулган А.О. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти маалымат кызматынан.