19-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда спортчу, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин урматына уюшулган Эл аралык мелдештин ачылыш аземи болуп өттү. Салтанат түшкү саат 13:00гө белгиленип, зал толо элдин коштоосунда өттү. Ага өкмөт өкүлдөрү, спортчулар, коноктор катышты.