Бүгүн, 13-январда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.
Өлкө чемпиондугунун ачылыш аземинде балбандар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев жана Бекболот Мырзаназар уулуна дагы бир бөлмөлүү батир тапшырылды.
Мындан тышкары кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батир берилсе, эркин күрөш боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Руслан Маджиновго 400 миң сом тапшырылды.