Күрөш боюнча өлкө чемпиондугу: Дагы бир балбанга эки бөлмөлүү батир тапшырылды

Кечээ, 14-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды.

Анда 65 килограмм салмакта өлкө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон Икромжон Хаджимурадовго Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир тапшырылды.

Икромжон Хаджимурадов финалда Алибек Осмоновго утулуп калган.

Икром Хаджимурадов 2021-жылы Азия чемпиондугунда коло байгеге ээ болсо, ошол эле жылы Орусиянын Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында күмүш байге уткан.

Буга чейин эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугунда 6 балбанга батир тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан