Бильярд спорту боюнча Дүйнө чемпиондугу 2014-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу КРнын Бильярд федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу билдирди.
Анын сөзүнө таянсак, бильярддын “кураштырма пирамида” түрү боюнча өтө турган Дүйнө чемпиондугун өткөрүү 2014-жылдын август айына туураланууда. Мелдешти Ысык-Көлдө өткөрүү пландары бар.
Эске салсак, Дүйнө чемпиондугу Кыргызстандын аймагында буга чейин 2011-жылы орун алган. Бишкекте өткөн мелдеште кыргызстандыктардан байгелүү орунга илинген жалгыз кий чебери Канат Сыдыков болгон.