"Чыгым 230 миң долларды түзөт". Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-январда Бишкек шаарынын Ленин РИИБине А.Н. аттуу жаран кайрылып, 2021-жылдын февраль айында чала тааныш "К" аттуу аял ишенимге кирип, алдоо жолу менен 100 миң АКШ долларын жана 3 бөлмөлүү батир берем деген шылтоо менен арыз ээсинин 4 бөлмөлүү батирин күрөөгө коюуга көндүрүп, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткенин маалымдаган. Зыяндын жалпы суммасы 230 миң АКШ долларын түзөт.

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин "Алдамчылык" негизинде кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ленин райондук соту шектүүгө карата СИЗО-1ге 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды" - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан