Мюнхендик "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский ФИФА уюму тарабынан 2021-жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жеңүүчү журналисттердин, башкы машыктыруучулардын жана командалардын капитандарынын добуш берүүсү менен аныкталган. Жыйынтыгында 33 жаштагы футболчу экинчи жолу сыйлыкка ээ болду.
2021-жылдагы "Алтын топту" тапшыруу аземи Парижде өткөн. Анда Лионель Месси жетинчи жолу "Алтын топту" алса, Левандовский добуш берүүдө экинчи болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгына бир катар эксперттер нааразы болуп, Роберт Левандовский сыйлыкка көбүрөөк татыктуу экенин билдиришкен.