Кыргыз мушкери Манас Эркул уулу каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Өздүк булак мушкердин эмне себептен каза болгондугун билбей турганын айтып, анын каза болгондугун кечээ кечинде гана укканын билдирди.
Манас Эркул уулу грэпплинг боюнча өлкөнүн 6 жолку, Азиянын эки жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунда грэпплинг боюнча коло байге уткан. Ошондой эле ал WEF уюмунда дагы беттештерге катышып, 3 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.
SUPER.KG порталынын жамааты Манас Эркул уулунун каза болгондугуна байланыштуу анын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.