2021-жылдын жай мезгилинде өлкө жетекчилиги Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жакын жерде жаңы Асман шаарын куруу демилгесин колдогону белгилүү болгон. Мамлекеттик дирекциянын түзүлүшү, башкы директорлукка Тимур Файзиевдин дайындалышы интернет колдонуучуларды кайдыгер калтырган жок. Күндөн күнгө жергиликтүү маалымат каражаттары ар кандай жаңылыктарга толуп жатат. Эгерде мурда Асман курулушу "фантазиянын бир түрү" катары кабыл алынса, азыр айрымдар анын ишке ашарына ишене башташты. Экологиялык таза шаар куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Тимур Файзиевден Асман шаары тууралуу кеңири маалымат алууну чечтик.
- Тимур Азаматович, саламатсызбы? "Асман" долбоору тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.
- Асман Кыргызстандын тарыхындагы масштабдуу долбоор. Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азиянын бизнес борборуна айлана турган дүйнөлүк жаңы деңгээлдеги шаар. Алдын ала долбоорго ылайык, курулуш Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде 4 миң гектар аянтка пландаштырылган. Болочок шаардын калкынын саны 500 миң адамга чейин күтүлүүдө, ал эми конокторду эске алганда жашоочулардын саны 700 миңге чейин өсүшү мүмкүн.
- Учурдагы кризис абалында эмнеге жаңы шаар куруубуз керек? Чечүүнү талап кылган башка дагы маанилүү маселелер бар да.
- Келгиле, бул суроону стратегиялык жактан карап көрөлү. Асман – Кыргызстанды дүйнөлүк аренага көтөрө турган жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн канчалык ишенимдүү оюнчу экенин көрсөтө турган глобалдуу долбоор. Жаңы шаардын курулушу инвестиция тартууну билдирет, чындыгында инвестициянын негизинде долбоор ишке ашат. Ал эми бул курулуш учурунда жаңы жумуш орундары түзүлөт дегенди билдирет.
Кайталап кетсем, "Асман" бардык талаптарга жооп бере турган дүйнөлүк деңгээлдеги шаар. Буга өндүрүштүк жөндөмдүүлүк, өнүккөн жана заманбап инфраструктура жана башка көп нерселер кирет. Биздин берметибиз болгон көл көптөгөн туристтерди өзүнө тартып турганы жашыруун эмес. Долбоорду ишке ашыруу менен биз бир гана туризмди же аймакты өнүктүрүүгө эмес, жалпы Кыргызстандын экономикасына салым кошуп жатабыз. Анткени булар жаңы ишканалар, ошого жараша жаңы салык чегерүүлөрү. "Асман" өлкөбүздүн келечегине ишенимдүү кадам деп эсептейм.
- Шаарды курууга канча каражат сарпталат?
- Алдын ала эсептөөлөр боюнча, шаарды курууга 20 миллиард долларга жакын каражат керектелет. Мен түшүнөм, кээ бирөөлөр үчүн мындай сумма кабыл алууга да оор. Бизде долбоорго инвестиция салууга даяр потенциалдуу инвесторлор бар экенин белгилеп кетким келет, анткени алар долбоордун келечегине жана жайгашкан жердин потенциалына ишенишет.
- Мындай каражат өлкөбүздүн тышкы карызынан да көп. Курулушка акча кайдан келет? Эмне үчүн бул каражатка социалдык мекемелерди курууга болбойт? Мисалы, мектептер, ооруканалар, жолдор…
- Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланбайт. Ал толугу менен инвестициялардын эсебинен гана камсыздалат. Бул өнөктөш өлкөлөрдөн берилүүчү насыялар дагы эмес. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн өзүбүздүн ишканаларыбызды өнүктүрүшүбүз керек. Муну сырттан инвестициялоо аркылуу ишке ашырууга болот. Жөнөкөй сөз менен айтканда, инвестор өз акчасына ишкана куруп, мамлекет да, инвестор да дивиденд алат. Демек, инвестор социалдык мекемелерди курууга эмес, биринчи кезекте пайда табууга кызыкдар. Эгерде биз "Асман" долбоорун ишке ашырсак, анда мамлекет дивиденддерди алып жана бюджетке салыктардан толуктоо болот. Ошого жараша бизде социалдык керектөөлөрдү ишке ашыруу үчүн каражаттар болот. Ал эми инвесторлордун өздөрүнө келсек, биздин команда потенциалдуу инвесторлорду тартуунун үстүндө иштеп жатат.
- Аталган шаарды курууга канча убакыт кетет?
- Алгач кылдат талдоо, экспертиза жана иштеп чыгууну талап кылган долбоордун көлөмүн түшүнүү керек. Бул багыттагы иштер кызуу жүрүп жатат. Үзгүлтүксүз инвестиция менен курулуштун пландаштырылган мөөнөтү 10 жылга чейин болот.
- Коомчулук экология маселесине тынчсызданууда. Курулуш аймакка жана Ысык-Көлдүн өзүнө кандай таасир этиши мүмкүн?
- Биз экологиялык жактан таза шаарды курабыз. Анда энергиянын кайра жаралуучу булактары колдонула турган газдар менен автономдуу транспорт, заманбап канализация системасы бар. Концепциянын өзү жергиликтүү жана дүйнөлүк экологиялык эксперттер менен биргеликте иштелип чыгат. Бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынган, анткени ага баары кызыкдар.
- Учурда кандай иштер жасалып жатат, кандай иштер аткарылды?
- Азыркы этапта биз концепцияны иштеп чыгуу үчүн ар кандай эксперттерди бириктирдик – булар урбанисттер, экологдор, геологдор, архитекторлор жана башка адистер. Стамбул политехникалык университетинин түрк адистери биз менен тыгыз иштөөдө. Мисалы, концепцияны иштеп чыгууга да катышкан түркиялык урбанист SKY Urban Development Management эл аралык бюросунун ээси Сердар Карадаг жакында Бишкекке келип кеткен. Концепция иштелип чыгып, бардык бийлик органдары менен макулдашылгандан кийин шаардын өзү курула баштайт. Кошумчалай кетейин, жумушчу топтун бардык ишмердүүлүгү коомчулукка ачык-айкын болот.
- ЖМКларда жерди чет элдиктерге, тагыраак айтканда кытайлык инвесторлорго берели деген маалымат чыкты...
- Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргызстандын жерлери тек гана элге таандык! Жерди берүүгө менин да, өлкө жетекчилигинин да укугу жок! 2022-жылдын 5-январында Кытайдан келген потенциалдуу инвесторлор менен "Асман" долбоорунун алкагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Менин айткандарым контексттен үзүндү чыгарылып, туура эмес формада коомго сунушталды. Кеп идеяларды жаратуунун алкагында ар кайсы өлкөлөрдүн кичи кварталдарын түзүү, аларды өз өлкөлөрүнүн маданий атрибуттары менен толтуруу идеясы айтылгандыгы жөнүндө гана болгон. Мисал катары жыл сайын миллиондогон туристтерди өзүнө тарткан Бириккен Араб Эмираттарындагы ЭКСПО көргөзмөсүн алсак болот.
Кээ бир адамдар менин аброюма шек келтирүүгө кызыкдар. Менин алдымда өлкө жетекчилиги тарабынан жүктөлгөн жооптуу милдет турат. Тапшырманы бүтүрүп, "жөн гана жаса!" принциби менен иштөөгө ниеттенип жатам. Мен баарына ачыкмын жана сунушталган идеяларды, анын ичинде сынды угууга даярмын.
- Жаңы шаарда кимдер жашайт? Ал кимдерге арналган?
- Шаарда, албетте, бардык адамдар жашай алат. Ал жерде өзүнүн ден соолугун жана убактысын, ыңгайлуулугун жана коопсуздугун баалаган ар бир адам жашай алат. Долбоорду ишке ашыруу менен шаар өлкөнүн бизнес борборуна айланат деп ишенем. Мен тажрыйбалуу бизнесмен, менеджер жана куруучу катары долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык жөндөмүмдү, убактымды жана күчүмдү жумшоого даярмын. Өлкөбүздүн ар бир жараны шаардын келечегине ишене турган күн да келет деп ишенем.
Маектешкен Ниязбек Асылбеков.