Бокс боюнча жаштар арасында Бишкек шаарынын биринчилиги өтөт

27-ноябрда Бишкек шаарындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик Академиясында жаштар арасында Бишкек шаарынын биринчилиги өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучу топтун мүчөлөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке 1996-1997-жылкы өспүрүмдөр катышат. Мелдеш 3 күнгө созулуп, финалдык беттештер 30-ноябрда орун алат.

Мелдеште жаштар арасындагы Кыргызстан курама командасына тандап алуу болот. Жыйынтыгында түзүлгөн команда 2014-жылы январь айында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргызстандын намысын коргойт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан