Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев жекеликте Индияда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин чейрек финалына чыга алган жок. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет. Маалыматка ылайык, Данияр Дулдаев мелдештин экинчи айлампасында голландиялык Дэвид Пел менен беттешип, 2 сеттин жыйынтыгында уттуруп жиберди (4:6, 4:6).
Эске салсак, теннисчи кечээ, 19-ноябрда Карунудай Сингх менен жуптукта мелдештин чейрек финалына чыккан.