Швециядан уурдалган кымбат унаалар Бишкектеги автосалондордун биринен табылды

Швециядан уурдалган 5 премиум-класстагы унаалар Бишкектеги автосалондордун биринен табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен бирге жүргүзгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, эл аралык издөөдө жүргөн бир нече унаалар Евро Биримдикке кирген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келип жатканы аныкталган.

Анын алкагында 2021-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарындагы автосалондордун бирине тинтүү жүргүзүлүп, 18 унаа камакка коюлган. Анын ичинде 2020-2021-жылдары Швециядан уурдалган 5 премиум-класстагы унаалар дагы болгон.

Учурда унааларды уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо жана Интерпол тарабынан башка унааларды издөө боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rusbayastan
2022-01-20 12:53:24
Биздикилердин колунан келет
+7
KaGaH
2022-01-20 13:35:38
Ничего себе!)
-2
munduz2016
2022-01-20 13:58:31
Мына сага!!!!
0
Esen8891
2022-01-20 14:34:42
Олду Кр-ндагы кредитке авто берген салондор эми бизнестери артка керет
0
Esen8891
2022-01-20 14:37:02
Кетет
-2
Nurik-1980
2022-01-20 20:14:11
Чек арада текшербейби,мындай машиналарды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан