Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган EFC'нин жеңил салмактагы чемпиону, кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун кийинки беттеши Москва шаарында өтөт. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтында кабарланды.
Москвада өтө турган беттеште кыргыз мушкеринин атаандашы Жасулан Акимжан аттуу мушкер болот. Эки мушкердин беттеши 18-февраль күнү Москвадагы "Крокус Экспо" спорттук ордосунда өтөт.
2021-жылдын 3-августунда Чолпон-Ата шаарында өткөн "EFC 38" турниринде Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, чемпион аталган.