2014-жылы Бразилияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 31-команда болуп Мексика жолдомо алды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет. Маалыматка ылайык, Мексика (Түндүк Америка континентинде 4-орунду ээлеген команда) Океаниянын чемпиону Жаңы Зеландияны жооптук оюнда 4:2 эсебинде утуп алды. Мексикалыктардан Орибе Перальта эсебине 3 гол жазды. Бул континенттер аралык беттештердин алгачкысы үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында болгон. Анда Мексика курама командасы 5:1эсебинде утуп алган. Ошону менен 2 оюндун жыйынтыгында 9:3 эсеби катталды. Мексика Дүйнө чемпиондугу үчүн бөлүнгөн акыркы 2 жолдомонун бирине ээ болду. Дагы бир жолдомо ээси бүгүн, 20-ноябрь түнү Уругвай-Иордания беттешинде аныкталат. Бул беттештин алгачкысында Түштүк Америкада 5-орунду ээлеген Уругвай 0:5 эсебинде конокто жеңишке жетишкен.