Globalpetrolprices.com күйүүчү майдын эл аралык рейтингине ылайык, Кыргыз Республикасы газдын баасы боюнча дүйнөнүн 55 өлкөсүнүн дүйнөлүк рейтингинде 6-орунда турат.
Ага ылайык, суюлтулган газдын 1 литринин орточо баасы дүйнөдө 0,78 долларды түзсө, Кыргыз мамлекетинде 0,419 долларды түзөт.
Бешинчи орунда газдын орточо баасы 0,399 доллар менен Орусия Федерациясы турат. Жетинчи орунда Беларусь - 0,476 доллар.
Республикада отундун бул түрүн керектөөнүн көлөмү акыркы жылдары өсүп, 2021-жылы 66 миң тоннадан ашкан.
Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө суюлтулган газды 65 миң унаа ээлери колдонот.