Кармашып урушуу боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпиондугунда 4 медаль утуп, жалпы командалык эсепте 4-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерация билдирди. Маалыматка ылайык, кармашып урушуу боюнча Азия чемпиондугу Орусиянын Нальчик шаарында өткөн. Ага 23 өлкөнүн мушкерлери катышкан. Ага Европа жана Америкадан да келип катышышты.
Кыргызстандыктардын курамынан түрдүү салмак категориялары боюнча 4 мушкер коло медаль тагынган. Алар Чолпонбек Байтереков, Азамат Табалдиев, Канат Абдуллаев жана Акматбек Жунусовдор болушту.