Футзал: Кыз-келиндер боюнча Кыргыз курамасы Иранга 10:0 эсебинде утулду

Коңшу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турниринин алкагында футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Иранга 0:10 эсебинде утулду.

Бул Кыргыз улуттук курама командасынын аталган турнирдеги экинчи ири жеңилүүсү. Улуттук курама турнирдеги алгачкы жолугушуусун Тажикстан курама командасына каршы өткөрүп, 1:1 эсебинде тең чыккан. Экинчи оюнда улуттук курама Өзбекстанга 11:0 эсебинде жеңилип калган.

"CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турнири 29-январга чейин созулат. Турнирге Кыргыз өлкөсү, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bishkek-Kg
2022-01-24 21:30:02
Кыргыздар футбол дүйнөсүнө кирбей эле койгулачы уят болбой. Сухойго кагыптырго!!!
+6
KG_CH
2022-01-24 22:49:49
Дагы жакшы деп кой да, тажиктер кечоо иранга 12:0 менен утулган
0
Belek1710
2022-01-24 23:19:54
KG_CH,дагы жакшы
0
Dembele84
2022-01-25 00:57:54
Куррук тыгып алыптыр го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан