Кыргызстандык спортчу Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча Азия чемпиондугунда 6-орунду ээлеп, 2016-жылы майып спортчулар арасында өтүүчү Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу КРнын Майып спортчулардын федерациясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Азия чемпиондугуна Эсен Калиев, Жыргал Оросбаев жана Жыргал Балбаковдор катышкан. Алардын ичинен топтогон упайларына жана ээлеген ордуларына карап, Эсен Калиев гана жолдомо алган. Эскерте кетсек, Паралимпиада "Майып спортчулардын Олимпиадасы" деген ат менен белгилүү. Ал "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынан кийин өтөт.