Дзюдо боюнча Кыргызстан курама командасынын курамынан 5 дзюдочу Бириккен Араб Эмираттарын Гран-Приси үчүн болгон эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 22-23-ноябрда Абу-Даби шаарында өтөт. Мелдешке өлкө намысын коргоо үчүн Кыргызстандан Ксения Бельдягина (52 килограмм салмакта), Гүлжаз Саимова (57 кг), Мээрим Момунова (63 кг), Арген Бактыбек уулу (60 кг) жана Ислам Баялинов (66 кг) аттанышты.