SUPER.KG порталынын "Жылдыздар менен бир күн" долбоорунун бул жолку коногу Маданияттын мыкты кызматкери, кыргыздын салттуу музыкасын таанытып келе жаткан таланттуу ырчы, актриса айым Гүлнур Асанова.
Ырчы айым менен кошо жүргөн күн ичиндеги кызыктар жана ал негиздеген кайрымдуулук фондунун алгачкы ишине күбө болуп кайттык.
Ырчыга айрым дагы суроолорду берип жооп алдык. Ал тасмага тартылуу боюнча берген сурообузга төмөнкүчө жооп берди.
"Негизи тасма тууралуу маселени мен жоолук салына электе эле чечип алгам. Себеби "Курманжан датка" киносунан кийин эле тасма талаасынын "ашканасынан" ирээнжип калгам. Ошондой кийин киного тартылбайм деп өзүмө сөз бергем. Андан кийин деле бир катар сунуштар болду, бирок тартылган жокмун.
"Эгерде фильм тарбиялык мааниси терең, диний маселени чагылдырган түз багытта болсо тартылам. Элге, динге кызмат кылуу - биздин максаттарыбыздын бири", - дейт Гүлнур Асанова.