Бишкекте уландар жана кыздар арасында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өтөт

29-30-январь күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уландар жана кыздар арасында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, мелдеш 16 салмак категорияда: 8 салмак категория (50, 55, 60, 66, 73, 81,90 килограмм жана 90 килограммдан жогору) уландар арасында жана 8 салмак категория (44, 44, 48, 52, 57, 63, 70 жана 70 килограммдан жогору) кыздар арасында өтөт.

Күн тартиби:
29-январь, саат 10:00 - Биринчиликтин башталышы;
Саат 15:00 - Биринчиликтин салтанаттуу ачылыш аземи.

30-январь:
Саат 10:00 - Биринчиликтин башталышы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан