Дүйнө чемпиондугуна катыша турган 32 команда белгилүү болду

Жер-жерлерде тандап алуу оюндары жыйынтыкталып, 2014-жылы Бразилияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша турган 32 команданын баары белгилүү болду. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугунун акыркы жолдомосунун тагдыры Континенттер аралык тандап алуу оюндарында белгилүү болду. Биринчи оюнда атаандашы Иорданияны 5:0 эсебинде утуп алган Уругвай курама командасы кечээ, 20-ноябрь түнү жооптук оюнда ушул эле атаандашы менен кез келди. Иордания менен өз үйүндө 0:0 тең ойноп, 2 оюндун жыйынтыгында жолдомо Уругвайга тийди.

Эске салсак, Уругвайга чейин Дүйнө чемпиондугуна 31-команда болуп аттанган Мексика болгон. Ал атаандашы Жаңы Зеландияны конокто 4:2 эсебинде утту (өз үйүндө 5:1 эсебинде уткан).

2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катыша турган 32 команданын тизмеси төмөнкүчө:

Үй ээси – Бразилия курама командасы

Азия чөлкөмү – Япония, Австралия, Иран, Түштүк Корея.

Африка – Нигерия, Кот-д`Ивуар, Камерун, Гана, Алжир.  

Түндүк Америка – Гондурас, АКШ, Коста-Рика, Мексика.

Түштүк Америка – Аргентина, Колумбия, Чили, Эквадор, Уругвай.

Европа – Англия, Бельгия, Босния жана Герцеговина, Германия, Голландия, Греция, Испания, Италия, Орусия, Португалия, Хорватия, Швейцария, Франция.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан