Иван Ярыгин турнири: Улукбек Жолдошбеков акыркы секундда финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады

Бүгүн, 27-январда Орусиянын Красноярск шаарында "Иван Ярыгиндин Гран-Приси" эл аралык мелдеши старт алды.

Бүгүнкү мелдеште 5 кыргыз балбаны килем үстүнө чыкты. Алар: 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков, Бекзат Алмаз уулу, 61 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана 70 килограмм салмакта Орозобек Токтомамбетов.

Турнирде Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов атаандаштарына жеңилип, четтеп калышты.

Ал эми Улукбек Жолдошбеков жарым финалга чейин жетип, анда жергиликтүү балбан менен кез келип, 6:4 эсебинде утуп жатып акыркы секунддарда атаандашына 2 упай алдырып жиберди. Жыйынтыгында жалпы эсеп 6:6 болуп, орусиялык балбан жеңүүчү аталды.

Ошондой эле Бекзат Алмаз уулу дагы жарым финалга жетти. Жарым финалда ал орусиялык балбан менен кез келип, жаракат алганына байланыштуу беттешти андан ары уланта албай калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан