Ош облусунун Кара-Суу районунда мектеп окуучулары арасында волейбол боюнча фестиваль өтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, фестиваль 7-8-декабрда өтөт. Белгиленгендей, бул фестивалга 18 команданын курамынан 200дөн ашуун жаш спортчу катышат.
Мелдеш тайпалык баскыч менен башталып, командалар 2 тайпага бөлүнүп ойношот. Жыйынтыгында тайпадагы жеңүүчүлөр финалды көздөй аттанышат.