Коңшу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турниринин алкагында футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Тажикстанды экинчи оюнда жеңип алды.
Бүгүн, 27-январда орун алган беттеште Кыргыз курамасы 4:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Бул эки кураманын алгачкы оюну 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
"CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турнири 29-январга чейин созулат. Турнирге Кыргыз өлкөсү, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышууда.