Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 12-14-декабрь аралыгында грек-рим күрөшү боюнча ЖОЖдор арасында командалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу топтун мүчөлөрү билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдеш КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Василий Баканачтын жаркын элесине арналат. Мелдешке борбордон жана өлкөнүн аймактарынан келген командалар катышат.
Мелдеш тайпалык баскыч менен башталат. Командалар 2 тайпага бөлүнүп, өз ара беттешип чыгышат. Жыйынтыгында тайпада 1-орунду ээлеген командалар алтын үчүн, ал эми 2-орунду ээлеген командалар коло үчүн беттешишет.