Теннисчи Данияр Дулдаев Индиядагы Эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты

Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Индияда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин жуптугунда жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет.

Маалыматка ылайык, Данияр Дулдаев кечээ, 20-ноябрда индиялык Карунудай Сингх менен жуптукта индиялык Кунал Ананд жана Адита Тевари жуптугун 2 сеттин жыйынтыгында утуп (6:3, 6:3), жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн бул жуптук индиялык Шрирамбалай Нараянасвами жана Раниет Вирали-Муругесанга каршы беттеш өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан