Коңшу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турниринин алкагында футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Өзбекстанга экинчи ирет ири эсепте утулду.
Экинчи оюн бүгүн, 28-январда өтүп, анда Кыргыз курамасы 10:0 эсебинде жеңилген.
Бул аталган турнирде Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстанга экинчи ирет жеңилүүсү. Бул эки команданын алгачкы оюну 11:0 эсебинде Өзбекстандын пайдасында аяктаган.
"CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турнири 29-январга чейин созулат. Турнирге Кыргыз өлкөсү, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышууда.