Бүгүн, 28-январда Орусиянын Красноярск шаарында "Иван Ярыгиндин Гран-Приси" эл аралык мелдешинин экинчи күндүк беттештери уланды.
Мелдешке 61 килограмм салмакта катышкан Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн күрөштө орусиялык балбанга 6:5 эсебинде жеңилип калды.
Кечээ, 27-январда өткөн жарым финалдык беттеште Улукбек Жолдошбеков жергиликтүү балбанга 6:6 эсебинде жеңилип калган.
Мындан тышкары 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу жаракат алгандыгына байланыштуу коло байге үчүн күрөшүүгө чыккан жок.