Дүйнө чемпиондугуна чүчү кулак таштоо 6-декабрда өтөт. 32 команда 4 бөлүккө кандай бөлүнөт?

Дүйнө чемпиондугуна катыша турган 32 команда белгилүү болду. Эми алар 6-декабрда өтө турган чүчү кулак таштоо аземинде тайпага бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу европалык басылмаларда кабарланды. Маалыматка ылайык, 32 команда абалына жараша сезиз-сегизден 4 корзинага бөлүнөт. Биринчи корзинага мелдешти өз үйүндө өткөрө турган команда Бразилия жана ФИФАнын октябрдагы рейтингинде алдынкы 7 орундун ээлери кирет. Калган командалар географиялык өзгөчөлүктөрүнө жана башка жагдайларга карата төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшү мүмкүн дешет футбол адистери. Кайсы команда кайсы корзинага түшөрү 6-декабрга чейин билинет. 

1-корзина:  Бразилия, Испания, Германия, Аргентина, Колумбия, Бельгия, Уругвай, Швейцария

2-корзина:  Нидерланды, Италия, Англия, Португалия, Греция, Босния жана Герцеговина, Хорватия, Орусия

3-корзина:  Франция, Чили, Эквадор, Кот-д'Ивуар, Гана, Алжир, Нигерия, Камерун

4-корзина:  Япония, Иран, Түштүк Корея, Австралия, АКШ, Мексика, Коста-Рика, Гондурас

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан