Оюн учурунда жүрөгү токтоп калган футболчу Кристиан Эриксен эсиңиздеби? Футболчу англиялык клуб менен келишим түздү

Футбол боюнча Европа чемпиондугунда жүрөгү токтоп калган даниялык жарым коргоочу Кристиан Эриксен англиялык "Брентфорд" клубуна өттү. Мындай маалымат англиялык клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы футболчу клуб менен ушул сезондун аягына чейин келишим түзгөн.

"Брентфорд" футболдук клубу 23-турдук оюндан кийин турнирдик жадыбалда 14-орунда келе жатат.

Эске салсак, 12-июнда өткөн Дания - Финляндия беттешинде футболчу Кристиан Эриксен оюн талаасында эс-учун жоготкон. Мындан улам беттеш үзгүлтүккө учурап, калыстар бир жарым сааттан кийин беттешти улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

Италияда мындай учурда ойноого тыюу салынгандыктан футболчу "Интер" клубу менен түзгөн келишимин бузууга аргасыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Foxes_CH
2022-01-31 15:48:41
Дания-Финляндия 2-июнь эмес, 12-июнда болгон оюн
+1
ErkinOkenovich
2022-01-31 21:17:22
Foxes_CH,сен озун айнып калсан керек? 12-Июнь да болгон оюнда деп эле турат.наша же спайс чегип алган эмессинби?же Адахамдын кучукторунун бирисин,туураны туура эмес деген.
-2
Foxes_CH
2022-01-31 21:58:42
ErkinOkenovich,Эй,торчок.Эмне создун баарын жазып ийгенсин, башында 2-июнь деп жазышкан, ондоп коюшту мен жазгандан кийин. Спайсынды Бир жерине тыгып журбойун азыр
+2
surgeon777
2022-02-01 00:55:58
ErkinOkenovich,долбич экенсин,бир созго жуз соз жазып...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан